Ак-Талаанын Ак-Кыя айылында волейбол боюнча мелдеш өттү

Акыркы жанылыктар

TurmushАк-Талаа районунун Ак-Кыя айылында волейбол боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Аталган айылдагы Асаналы Абдраимов атындагы орто мектебинин директору Гүлмира Султаналиеванын айтымында, мелдеш айылдын депутаттары тарабынан Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгы жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата жаштар жана 40 жаштан жогорку курактагылар арасында өткөрүлдү. Анын жалпы байге фонду 100 миң сомду түздү.

40 жаштан жогоркулар арасындагы жыйынтык:

— 1-орун — «Депутаттар» командасы (кубок, медаль, диплом жана 20 миң сом);

— 2-орун — «Биримдик» командасы (медаль, диплом жана 16 миң сом);

Пример HTML-страницы

— 3-орун — «Ынтымак» командасы (медаль, диплом жана 15 миң сом).

Жаштар арасындагы жыйынтык:

— 1-орун — «МВД» командасы (кубок, медаль, диплом жана 15 миң сом);

— 2-орун — «Шумкарлар» командасы (медаль, диплом жана 15 миң сом);

— 3-орун — «Намыс» командасы (медаль, диплом жана 10 миң сом);

— 4-орун — «Ынтымак» командасы (диплом жана 10 миң сом).

Мындан тышкары утулган командаларга жана мыкты оюн көрсөткөндөргө дагы акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️