Ак-Талаанын 2 айылына 555 млн сомго таза суу чыгарылып жатат (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushАк-Талаа районунун Баетов айыл аймагына караштуу 2 айылга 554 млн 956 миң 423 сомго таза суу чыгаруу иштери башталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Баетов айыл өкмөтүнүн мамлекеттик сатып алуулар боюнча башкы адиси Мадина Мыдыкееванын айтымында, аталган Баетов жана Кайыңды-Булак айылына СССР тарагандан бери алгачкы жолу таза суу чыгаруу иштери башталды. Буга чейин аталган айылда таза суу тартыштыгынан улам жергиликтүү жашоочулар нааразычылык билдирип келишкен. Таза суу чыгаруу иштери үчүн уюмдардын бирине долбоор сунушталган. Сунушталган долбоор жактырылып, анын негизинде 3 лот менен сынак жарыяланган.

1-лот боюнча Баетов айылына суу алуучу аянтча, суу топтоочу жай жана суу өткөргүчтөрдү куруу боюнча 129 млн 535 миң 859 сом каралып, сынакта «MS BUILDING» ЖЧКСы утуп алган.

2-лотто Баетов айылынын бөлүштүрүүчү тармактарын курууну 316 млн 442 миң 052 сомго «МЕТАГ ИНШААТ ТИДЖАРЕТ АНОНИМ ШИРКЕТИ» ЖЧКсы утуп алган.

3-лотто Кайыңды-Булак айылынын суу түтүктөрүн куруу. Бул боюнча дагы тендерди 108 млн 978 миң 512 сомго «МЕТАГ ИНШААТ ТИДЖАРЕТ АНОНИМ ШИРКЕТИ» ЖЧКсы утуп алган.

Пример HTML-страницы

«Азыркы учурда «MS BUILDING» ЖЧКсы тарабынан Баетов айылынын Зина Ашырбаева көчөсүнүн күн чыгыш тарабына 80 метр тереңдикте 1 суу кудугу казылып бүтүп, өткөрүлүп алынды. Айылдын жогору жагындагы суу сактагыч тарапка суу тартуу үчүн траншея казылып жатат. Керектелүүчү курулуш материалдары толугу менен келип түшкөн. Жүрүп жаткан курулуш жумуштарына Баетов айылы үчүн каржылаган уюм тарабынан 2 технадзор, Кайыңды-Булак айылы үчүн 1 технадзор көзөмөл жүргүзүп жатат.

Баетов айыл өкмөтү өзүнчө 1 технадзор жалдаган. Жүрүп жаткан курулуш жумуштардын бардык техникалык шарттары тыкыр көзөмөлдөнүп жатат. Азыркы учурда Кубан Карагулов көчөсүндө траншея казуу иштери башталган. Келишим боюнча таза суу чыгаруу иштери 1 жыл 8 айдын ичинде бүткөрүлүш керек», — деди Мыдыкеева.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, «MS BUILDING» ЖЧКсы 2022-жылдын 19-июль күнү кайра каттоодон өткөн. Директору Жанышбек уулу Мурасбек. Ишмердүүлүгү — турак жай жана турак эмес жайларды куруу.

«МЕТАГ ИНШААТ ТИДЖАРЕТ АНОНИМ ШИРКЕТИ» ЖЧКсы 2024-жылдын 1-апрель күнү кайра каттоодон өткөн. Директору жана түзүүчүсү Тынайбеков Мирбек Акылбекович. Ишмердүүлүгү — турак жай жана турак эмес жайларды куруу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️