Ак-талаалык тургун Шабыр жайлоосундагы аска бетинен «Аллах» деген жазууну байкаган

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусундагы Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айылынын тургуну Шабыр капчыгайынын аска бетинде жазылган сырдуу жазуу бар экендигин айтты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Аталган айылдын тургуну Акылбек Бексултановдун айтымында, Шабыр капчыгайынын кире беришиндеги аска бетинде жазылган жазууну көрүп калган.

«Шабыр капчыгайынын кире беришиндеги оң жагынан аскадагы жазууну көрүп калдым. Ал жакта туристтик жайыбыз бар. Ушунча жылдан бери ошол жазууну байкабаптырбыз. Кувейттен окуп келген кызга жазууну окутсак, ал «Аллах» деген жазуу экен», — деди А.Бексултанов.

Буга чейин Turmush Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Жаңы-Талап айыл аймагына караштуу Шабыр капчыгайынын кооздугу жөнүндө жазган.

Жаңы-Талап айылынан түштүк тарапка, тактап айтканда айтылуу Соң-Көл жайлоосуна бара турчу жол менен жүрүп отуруп, Кошой-Конуш капчыгайына жетпей, күн батыш тарапты көздөй бурулуп, алгач айланасын бийик тоолор, ак чаптар менен курчалган коктуну өрдөп барып жетесиң. Андан соң, эки тарабын чокусу асман тиреген бийик-бийик аска-зоолор орун алган. Ортосунан мөлтүрөгөн көк кашка суу шаркырап агып, тал-терек, кайың, арча, карагай өскөн капчыгайга келесиң. Анын ичи Шабыр капчыгайы деп аталат.

Пример HTML-страницы

Жаңы-Талап айылынын тургуну Темирбек Турсунбеков Шабыр капчыгайынын аталышы тууралуу айтты.

«Биздин Куртка өрөөнүндө карагай, кайың өскөн аймак бар. Кирип бара жатканда арчанын жыты буркурап, ортосунан ат агызгыдай чоң суу агып өтөт. Саздактуу жер болгондуктан, аттын бою менен тең камыш өскөн. Улуулардан угушума караганда, илгери азыркыдай унаа жол жок, ат жол өтчү. Ошол буркан-шаркан түшүп аккан сууну жергиликтүү эл ат менен ар кай жеринен кесип өтчү экен. Аттын боюнан бийик өскөн камыштар шуулдап, коркунучтуу, сүрдүү өрөөн болгондуктан Шабыр дешчү экен. Ал эми башка вариантында, ошол эле камыштардын шуулдаганынан жана суунун шарпылдаганынан «шабыр-шубур» деп жүрүшүп, «шубур» дегени калып, Шабыр аталып калгандыгын айтып жүрүшөт», — деди Темирбек Турсунбеков.

Ал эми аталган айылдын тургуну Алмаз Кайыпов дагы ушул эле аталыштын башка вариантын айтты.

«Ооба, Шабыр өтө кооз жайлоо. Келечекте туристтик база боло турчу аймак. Менин санжыралардан угушума караганда, капчыгайдын ортосунда шарпылдап аккан чоң сууда балыктар өтө көп болуп, суу шарпылдап турчу дешет. Ошондон улам Шабыр аталып калган деп айтылып жүрөт», — деди ал.

Шабыр капчыгайын өрдөп бара бергенде чоң жайык чөлкөмдү Топу-Таш деп аташат.

Жаңы-Талап айылынын тургуну Акылбек Бексултанов Топу-Таш деп эмнеден улам айтылып калгандыгын айтты.

«Топ-Таш касиеттүү, карагай-чер өскөн кооз өрөөн. Зооканын кырында көлөмү боз үйдөн чоң таш туруп калган. Алыста караган адамга топудай болуп көрүнөт да. Ошондон улам Топу-Таш деп аташат. Мындан ары Карагайлуу-Мойнок менен Узун-Булакка барып, андан ары Соң-Көлгө ашып кетесиң. Бул жагы Камчы-Булак, Төр өрөөндөрү жайгашкан», — деди А.Бексултанов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️