Ак-талаалык дыйкандар Байгөнчөктүн этегиндеги аянтка сугат суусу жетпей жатканын айтышты

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Байгөнчөк айылынын дыйкандары Терек-Сай суусуна суу курулмасын куруу зарылдыгын билдиришти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Айыл аксакалы Жапаралы Токтосунов айыл этегиндеги 200 гектар аянтка сугат суу жетпей жаткандыгын айтты.

«Терек-Сай суусунун башынан бизге сугат суусу жетпей жатат. Сууну буруп алып турууга кубаттуу техникабыз жок. 1980-жылдары сайдын башына суу сактагыч куруу пландалып, долбоорлонгон экен. Ал убакта акча каражатынын тартыштыгынан улам токтоп калган. Болбосо айылга чейин канал келмек. Учурда 400 гектардай аянтка суу келип жатат. Бирок айылдын этегиндеги 200 гектар аянтка сугат суусу жетпей жатат. Биз айткан жерге суу сактагыч, канал курулса 200 гектар аянтка сугат суусу келип калат эле. Мындан тышкары, 8 чакырым аралыктагы Алыш каналыбыз бар. Кубаттуу техникабыз болбогондуктан жыл сайын каналды колго казабыз. Кубаттуу техника зарыл», — деди Ж.Токтосунов.

Ал эми мектеп директору Асек Жумабаев айылдагы мектепте спорттук зал жок болгондуктан дене тарбия сабагын өтүүдө кыйынчылык жаратып жаткандыгын билдирди.

«Мектебибизде спорт зал жок, дене тарбия сабагын сыртка өтөбүз. Жаан-чачын учурунда, кыш мезгилинде кыйынчылык болууда. Жаштардын ден соолугунун чың болушу, сергек жашашы үчүн мектепке кичи футболдук аянтча курулуп берилсе жакшы болот эле», — деди ал.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️