Пример HTML-страницы

Ак-талаалык бүтүрүүчү кыз мектебин унаалуу кылды. Сүрөт

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районунун Коңорчок айылынын тургуну — бүтүрүүчү Айым Рысбек кызы мектебин унаалуу кылды.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, аталган айылдагы Насипа Жыргалбекова атындагы орто мектебин аяктап жаткан Айым Рысбек кызы жалпы республикалык тестирлөөдөн 216 упай алып, ага демөөрчү тарабынан өзүнө ноутбук, мугалимдерине акчалай сыйлыктар жана мектепке «Дэу Нексия» («Daewoo Nexia») үлгүсүндөгү унаа тапшырылды.

Акыркы 4 жылдан бери Жогорку Кеңештин депутаты тарабынан жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку упай алган окуучуга ноутбук, ал окуган мектепке унаа жана мугалимдерге акчалай сыйлыктар берилип келет. Буга чейин 3 жыл удаасы менен Кызыл-Белес айылындагы Сүйүнбек Атамбеков атындагы орто мектебинин окуучулары жогорку упай топтоп, аталган мектепке 3 жыл удаасы менен унаа тапшырылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE