Пример HTML-страницы

Ак-талаалык Абдыласовага чоң атасы өзгөчө ысым ыйгарган

Акыркы жанылыктар

Turmush«Өзгөчө ысым» рубрикасынын кезектеги каарманы — Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Жаңы-Талап айылынын тургуну Азлихан Абдыласова. Ал аймактык кабарчыга ысымы тууралуу айтып берди.

Азлихан Абдыласова 1983-жылы 30-сентябрда Үгүт айылында туулган. Аталган айылдагы Муса Баетов атындагы орто мектебинде билим алган соң, К.И.Скрябин атындагы агрардык университетинин гидромелиорация, экология жана жерге жайгаштыруу бөлүмүнө окууга тапшырып, шартка байланыштуу окуусун уланта алган эмес. 2004-жылы Жаңы-Талап айылынын тургуну Намазбек Касымовго турмушка чыккан. Үй-бүлөлүү, 2 уул, 2 кыздан энеси.

Каарманыбыз Азлихан Абдыласова өзгөчө ысымын чоң атасы Абдылас Шайыков койгондугун айтты.

«Атымды чоң атам Абдылас коюптур. Чоң атам көзү азиз киши болгон. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери. Согушта оор жарадар болуп, биринчи топтогу майып болуп калган. Ошентсе да Үгүт айылындагы чоң молдо болгон. Мен чоң атама «Эмнеге менин атымды мындай койгонсуз, мага жакпайт» деп сурай берчүмүн. Бир күнү чоң атам «Кызым, Фергана өрөөнүндө досторум бар болчу. Бир жолу ал жакка конокко барып калдым. Бир досумдун Азилихан, Касиетхан, Нурилахан деген кыздары бар экен. Сулуу кыздар болчу. Ошол кыздардын атынан улам сен биринчи неберем болгондуктан Азилихан деп койгом. Азилихан бул тамаша дегенди билдирет» деп айткан эле. Апам туулгандыгым тууралуу күбөлүгүмдү жоготуп алып, кийин кайра алганда Азилихан дегендин и тамгасы жазылбай калып, Азлихан болуп калыптыр. Көп киши ысымыма таңгалып, «Бул эмнени билдирет?» деп сурай беришет», — деди ал.

Азилихан айым жашоосу тууралуу да айтып өттү.

«Эл катары эле тиричилик кылабыз, мал чарбачылыгы жана дыйканчылык менен алекпиз. Мен үй кожойкеси элемин. Жолдошум ар кандай иштерде иштейт. Өткөн жылы элдин 150 уюн алып, Соң-Көл жайлоосуна чыктык. Бир баш уйду айына 300 сомдон бактык. Андан сырткары 17 уй саап сары май, курут, сүзмө саттым. Кудайга шүгүр, өзүбүзгө жеткидей киреше таба алдык. Мындан тышкары кондитердик жана нан азыктарын жакшы жасайм. Эч кимден деле буюртма албайм, өзүбүз эле жасап жейбиз. Мындан башка деле өнөрүм жок. Быйыл Соң-Көл жайлоосунда туристтерди тоскон ишкер бар. Ошол байке турист тосушууга же тактап айтканда жумушка чакырып жатат», — деди Абдыласова.

А.Абдыласова жаңы жайлоого чыккандагы кызыктуу окуясынан баяндап берди.

«Алгачкы жолу ички жайлоого көчүп барганда жолдошум уй саадыртты. Адегенде 12 уй саадым. 12 уйдун 12 музоосун энесине салып, кайра камадык. Эртеси жолдошум малдан кечирээк барарын, уйларды өзүм эле саай беришим керектигин айтты. 7-класста окуган кызымды ээрчитип алып, үй сааганга жөнөдүм. Андай көп уй саап көрбөгөн жаным кайсы уйдун музоосу кайсы уйдуку экендигин таанычу эмесмин. Уйларга улам бир музоолорун салып, уйларды ийитип саап бүтүп, үйгө бара жатсам, короодо бир кашка музоо жатат. Мен аны «Ии, энеси келе элек го» деп койдум. Бир убакта жолдошум келип, «Уйларды саадыңбы?» деди. Мен «Ооба саадым, бирок кашка музоонун энеси келе элек окшойт» дедим. Жолдошум экөөбүз кайра короо жакка бардык. Анда жолдошум «Кашка музоонун энеси тиги кашка уй да, келген турбайбы» деди. Көрсө, мен бир музоону 2 уйга эмизип салыптырмын. Жаңы барганда аябай кыйналдым. Эртең менен саат 04:30дан баштап 06:00гө чейин үй саайм.

Бир жолу дагы бир кара уйга музоосун салсам эмизбей, тепкилеп, сүзгүлөйт. Жиним келип «сен эмне музооңду эмизпейсиң, баласына мээрим төкпөгөн айбан» деп уйду жип менен сабап жатсам, жолдошум келип калып, эмнеге сабаганымды сурады. Мен себебин айтсам, жолдошум каткырып, «Бул анын музоосу эмес» десе болобу (күлүп). Бир топко чейин музоолорун тааныбай, күлкү болгом», — деди Азлихан Абдыласова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE