Turmush — Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов айылынын 2 тургуну Нарын—Торугарт унаа жолунун чордонундагы ашканалардын биринен ууланышкандыгын айтышууда.
Жаныбек Табылдиев менен Максат Малаев ушул жылдын 17-сентябрь күнү Бишкектен Ак-Талаа районуна келе жатканда Боом капчыгайындагы тамактануучу жайлардын бирине кирип тамактанышкан. Ал жерден экөө каймак жешкен. Максат Малаев жолдо бара жатканда өзүн жаман сезип баштаган. Ал эми Жаныбек Табылдиев Баетовго келгенде ооруп, ооруканага кайрылган.
Баетов айылынын тургуну Жаныбек Табылдиев: «Апамдын каттамасынан” Максат экөөбүз каймак жегенбиз. Ал жактан чыгып, Нарынга чукулдап калганда Максаттын ичи ооруп баштады. Максат унаа айдап келе жаткан. Улам жолдон токтоп, суу ичип, айтор эптеп чыдап отуруп, Баетовго түндө келдик. Мен жакшынакай эле келдим. Таңга жуук ичим аябай ооруп баштады. Жолдон дагы, үйдөн дагы эч нерсе жеген эмесмин. Келип эле жаткан болчумун. Болжол менен саат 14:00 чамасында иним оорукананын тез жардам бөлүмүнө алып келди. Ал бөлүмдөн алгачкы медициналык жардамдарды көрсөтүп, жугуштуу оорулар бөлүмүнө которушту. Анализ алышты, аркы-берки кылышты. Анализдин жыйынтыгы ууланган деп чыгып келиптир. Эмчи айымдардын айтымына караганда, абдан эле оор абалда келип жатыптырмын. Азыр Кудайга шүгүр. Дарыгерлердин жардамы менен өз калыбыма келип жатам», – деди.
Баетов айылынын тургуну Максат Малаев: «Биз 17-сентябрь күнү Бишкектен Ак-Талаага жол тартканбыз. Унаанын ичинде Жаныбек байке, мен, бөлөм, колуктум жана 3 балам бар болчу. Боомдон тамактандык. Жаныбек байке экөөбүз гана каймак жегенбиз. Биз менен чогуу келе жаткан бөлөм: “бул каймак ачып кеткенби, иши кылса даамы башкача экен” деп ооз тийип эле жебей койгон. Ал жерде көп эле ашкана бар экен. Аябай чаржайыт, айрымдары кир, булганыч десек деле болот. Ошентип, саат 17:00 чамасында кайра жолго чыктык. Нарынга жеткени калганда менин ичим ооруп, жолдо өзүмө ишене албай токтоп турдум. Ал ортодо унаабыздын бир жери сынып кетип, аны оңдодук. Унаамда газдалган суу бар болчу. Андан ичип, иши кылса өзүмдү алдап-соолап отуруп, түнкү саат 02:00-03:00 чамасында келдик. Мен үйгө кеттим. Менин унаамды айдап алып Жаныбек байке үйүнө кетти. Эртеси, Жаныбек байкеге телефон чалсам алган жок. Мен жумушка барып келип, унаамды айдап кетейин деп Жаныбек байкеге барсам, байке такыр эле болбой калыптыр. Ошону менен ооруканага жатып, бүгүн араң өзүнө келди. Мен деле 2 күн оорудум. Айтайын дегеним, тиешелүү органдар ошол жолдогу ашканаларды көзөмөлго алып, текшерип коюшса жакшы болмок. Ал жерге канчалаган адамдар кайрылып, тамактанып кетип жатышат. Дагы канча адам ууланат, ким билет?», – деди.
Ал эми райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун дарыгери Бермет Шаршеева бейтаптын учурда абалы жакшы экендигин айтты.
«18-сентябрь күнү түштөрдө 42 жаштагы эркек киши: “ичим өтүп, ичим ооруп, түнү менен уктаган жокмун” деп жалпы дарыгерлер практикалык борборуна кайрылган. Ал кишиге биз кароого жүргүзгөндө дене табы көтөрүлүп, уулануунун белгилери байкалган. Анализдери алынып, жыйынтыгында уулануу диагнозу коюлуп, 3 күндөн бери тиешелүү эмдөөдөн өткөрүлүп, учурда жугуштуу оорулар бөлүмүндө дарыланууда. Учурда, абалы жакшы болуп калды», – деди дарыгер Бермет Шаршеева.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.