Ак-Талаадагы жубайлар 5 кызына өзгөчө ысым ыйгарган. Жазгүл Сагымбай кызы аларды чечмелеп берди

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусундагы Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылында өзгөчө ысымдуу 5 баланын энеси Жазгүл Сагымбай кызы нандын түрлөрүн жасап, киреше табат. Аны менен аймактык кабарчы маектешти.

Жазгүл Сагымбай кызы 1988-жылы 10-майда Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Казарман айылында туулган. Тоголок Молдо айылында тай ата, тай энесинин колунда чоңоюп, 1995-2006-жылдары Жоробек Сатылганов атындагы орто мектепте, 2007-2012-жылдары Х.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин славян таануу бөлүмүндө билим алган. 4-курстан баштап Бишкектеги №91 мектеп-гимназияда мугалимдик кесипти аркалап, учурда декреттик өргүүгө чыккан. Үй-бүлөлүү, 5 кыздын энеси. 5 кызынын экөөсү эгиз.

Каарманыбыз 5 кызынын өзгөчө ысымдарынын чечмеленешин айтып берди.

«Биз ысым коёрдун алдында атына заты жарашкан кыздардан болсун деп, өзгөчө ысымдарды тандадык.

Улуу кызыбыз Лумина Алтынбекова 2012-жылы төрөлгөн. Атынын түшүндүрмөсү — жарык, жаркылдаган, чыгармачыл, бардыгына жөндөмдүү, ар кандай кырдаалдарда жаркын чечим табат, энергиялуу деген маанини билдирет. Кызыбыз атына заты жарашып, маңдайы жарык жаркылдаган кыз. Ырдаганды, бийлегенди, сүрөт тартканды жакшы көрөт. Лумница деп эркелетип коёбуз.

Экинчи кызыбыз Симона Алтынбекова 2018-жылы төрөлгөн. Атынын түшүндүрмөсү — кудайдын кубанычы, океандай терең, акылдуу, өзүнө ишенимдүү деген мааниде. Симона чынында акылдуу, баарына маани берип, байкап турат. Үйрөтүп койгондой сүйлөйт. Сөздөрү уккулуктуу. Симонаны Королева деп эркелетип коёбуз.

Пример HTML-страницы

Андан кийинки кыздарыбыз Дефне менен Армина 2021-жылы төрөлгөн. Эгиз кыздарыбыздын ысымдарын Лумина менен Симона койгон. Жолдошумдун чоң энеси София менин тай энем Бейшенбүбү болгондуктан Софияна жана Бибияна деп дагы тандаганбыз. Бирок Симонага Армина, Луминага Дефне деген ысым жаккан үчүн макул болдук.

Дефне — мааниси лавр, жаратылыш кудайы, күчтүү, жөндөмдүү деп чечмеленет. Биз Акылдуу кыз деп эркелетебиз. Армина — күчтүү, көз карандысыз, улуу чеп, бийик мунара, сүйүүнүн символу деген билдирет. Арминди Гений деп эркелетебиз.

Кичүү кызыбыз Айрис 2023-жылы төрөлгөн. Төрөлгөнүнө 10 ай болду. Атасы менен экинчи кызыбыз Симона койгон. Айрис — асан-үсөн, ай, башкы башкаруучу деген маанини билдирет. Баарыбыз Айристи дүйнөнүн башкаруучусу деп эркелетебиз», — деди Жазгүл айым.

Ал бош убактысында буйрутма менен нандын түрлөрүн жасап киреше табарын айтты.

«Айылга келгенибизге 1 жыл болду. Келгенден бери жумушубуз жок дебей, чогуу иштеп, аракет кылып келебиз. Аш-тойлорго буйрутма менен нандын түрлөрүн, гамбургер, шаурма жасап берем. Андан сырткары, буйрутма аркылуу тоо этин жана балык кууруйм. Дайыма эле жасаганга мүмкүнчүлүк жок. Балдарым кичинекей болуп, көп убакытым балдар менен өтөт. Анчалык чоң киреше таппайбыз», — деди ал.

Ал жумушундагы жана турмушундагы кызыктуу окуялары менен дагы бөлүштү.

«4-курс кезимде гимназияга ишке кирдим. Биринчи жолу ачык сабак өттүм. Калтырап-титиреп, столдун үстүнө даярдап койгон сабактын планын таппайм. Сабак башталды. Окуучулар текилдеп жооп берип жатышат. Менин оюм планда көзүм менен столду тешип бүттүм. Таппаган планымды сабак өтүп бүткөндөн кийин таап алгам. Ошол окуя эч эсимден кетпейт. Азыр эстеген сайын өзүмө жиним келе берет.

Колдо бар алтындын баркы жок дегендей, ар бир нерсени башыңа келгенде баркын билет экенсиң. Мен мугалимдерди аябай сыйлайм. Биз окуп жүргөндө Санамбай Борончиев агай жат жазуу жаздырып, текшерүүдөн соң 0 жана 1 деген баа коюп койчу. Ошол бааны эмнеге коёрун, мектепте иштегенде түшүндүм. Жат жазуу текшергенде, бирде күлкүң келсе, бирде ыйлагым келчү. Анан мектепте окуган инимден «Санамбай агай силерге дагы 0, 1 деген баа коебу?» десем “Азыр жөн эле баланын сүрөтүн тартып коет» дейт. Анан «Азыркылар окубайт же агай ушунча тажаган» деп ойлоп коём.

Бир жолу маршруткада кетип бара жатсам бир кыз мени карап, кайра-кайра жылмайып коёт. Бир убакта «Эже, мени тааныган жоксузбу» деди. Мен «Тааныган жокмун» десем, ал «Мен сиздин окуучуңуз Динарамын» дейт. Эстесем, Динара эң жакшы окуган, тың, таза, тыкан, жакшынакай кыз эле. Мени аябай сүйүндүрдү. Анан «Эже, билесизби Дастанды, ал азыр мектептин президенти, жакшы окуйт» десе, аябай кубандым. Анткени ал 4-класста жазганды, окуганды билчү эмес. Апасы күндө мектепке келчү. Мен ал баланы жаза албаса дагы «Азаматсың, сонун жаздың» деп, 4 койчумун. Чынында, мугалимдин эсинде жакшы окуган, анан жаман окуган окуучу калат экен», — деди Жазгүл айым.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️