Пример HTML-страницы

Ак-Талаадагы Мынакелди шаар чалдыбарында ок атуучу көзөнөктөр жайгашкан (фото)

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushАк-Талаа районунун алыскы Кош-Дөбө айылындагы Мынакелди шаар чалдыбары 7-8-кылымдарда кербенчилердин эс алуучу жана соода кылуучу жайы болгон. Бул тууралуу райондук тарых музейинин директору Мыктыбек Апилов аймактык кабарчыга билдирди.

1944-1949-жылдары окумуштуу Александр Бернштамдын изилдөөлөрү боюнча, Мынакелди шаар чалдыбары жайгашкан жерден Улуу Жибек жолу өткөн. Ал жол Ак-Мойнок, Ой-Кайың жана Жазы ашуулары аркылуу Фергана өрөөнүнө кеткен. Чыгышты көздөй алып караганда бул жол Шырдакбектин чеби, андан бери Чолок-Коргон чебине келип, Дөрбөлжүн (азыркы Баетов айылы), Ат-Башы, Жаман-Даван ашуусунан Арпага, андан Ак-Сай, Торугарт ашуусу аркылуу Түркстанга кеткен.

Мынакелди шаары кургак жерде жайгашып, төрт бурчтуу дубал менен курчалган. Түндүк-түштүк дубалдарынын узундугу 57-85 метр, батыш-чыгыш дубалдарынын узундугу 59-80 метр, бийиктиги 4 метрге жеткен. Шаар түрдүү көлөмдөгү чийки кыштардан тургузулуп, бурчтарына мунаралар орнотулган. Мунараларда согуштук ок атуучу көзөнөктөр бар. Шаардын курулушу согуштук коргонууларга да ылайыкталып курулганын көрүүгө болот. Демек, бул жай кербен сарай болгон деп так айтуу мүмкүн эмес. Андан сырткары, бул шаарча Термездеги Кырк-Кыз, Ташкенттеги Ак-Тепе тарыхый имараттарына куюп койгондой окшош экендиги окумуштуулар тарабынан аныкталган.

Ал эми, Кош-Дөбө айылынын тургуну Калкаман Бердибаев бул шаар тууралуу эл арасынан уккан маалыматтарды айтып берди.

«Бул шаарчаны ким кургандыгы ушул күнгө чейин белгисиз. Тарыхый изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча бул жер кербен сарай болгон. Кашкарга, Анжиянга каттаган соодагерлер аттарын эс алдырып, өздөрү дагы өргүү алышкан экен. Изилдөө иштери жүрүп жаткан учурда атканалар, аттарга чөп салуучу акырлар табылыптыр. Жоокерчилик учурда бул сарай бирде кыргыздардын, бирде калмактардын колуна өтүп турган. Бул жердин айланасында калмактардын дагы, кыргыздардын дагы ошол кылымга таандык көрүстөндөрүн көрүүгө болот. Ошол кезде жергиликтүү жашоочулар соодагерлерди күтүшүп, алар келе жатканда «мына келди, мына келип калышты» деп тосуп алышчу экен. Ошондон улам бул жай Мынакелди деп аталып калган экен», — деди К.Бердибаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE