Ак-Талаадагы милиционерлерге жабдыктар жана кызматтык кийимдер тапшырылды

TurmushБүгүн, 15-апрель күнү Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнө техникалык жабдыктар жана аймактык тескөөчүлөргө формалар тапшырылды. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Кундуз Эсенгулова билдирди.

Маалым болгондой, Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Алмазбек Жумабеков иш сапары менен Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнө барып, өздүк курам менен жолугушуп, аткарылып жаткан иштер менен таанышып, чыкты. Иш сапардын жүрүшүндө Ички иштер министрлиги тарабынан райондук коомдук коопсуздук кызматынын аймактык тескөөчүлөрүнө, балдар иштери боюнча инспекторлоруна жаңы кызматтык кийимдер жана компьютер, түстүү принтер тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️