Пример HTML-страницы

Ак-Талаадагы мектепте улуттук тамаш-аштар көргөзмөгө коюлду

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районунун Нурак Абдрахманов атындагы балдар музыкалык мектебинде Нооруз майрамы белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, кечээ, 18-март күнү аталган мектептин эмгек жамааты жана окуучулары тарабынан Нооруз майрамына карата салтанаттуу маданий иш-чара уюштурулуп, ага ата-энелер, райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Гүлжан Турдумамбетова жана мектептин директору Венера Артыкбаева катышты.

Салтанаттын жүрүшүндө музыкалык мектептин эмгек жамааты жана окуучулары тарабынан улуттук бийлер, ырлар аткарылып, кыргыз күүлөрү чертилип, «Манас» эпосунан үзүндүлөр айтылды. Ошондой эле улуттук тамак-аштардын көргөзмөсү уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE