Ак-Талаадагы кара-бүргөндүктөр өзгөчө кооздукту көрүү үчүн түнү тоого чыгышууда. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Кара-Бүргөн айылында түнкү жарыктандыруу иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Айыл өкмөт башчысы Кудайберген Руслановдун айтымында, демөөрчүлөрдүн колдоосу жана жергиликтүү бюджеттин каржылоосу менен узундугу 1 чакырымды түзгөн Жибек Жусупбаев көчөсүнө түнкү чырактар коюлду. Жакынкы күндөрү жалпы узундугу 1 жарым чакырымды түзгөн Кара-Бүргөн айылынан тарта Төш-Булак жаңы конушуна чейин түнкү чырактар коюлат.

«Айылдын көркүн түнкү чырактар ачат экен. Түнкүсүн тоо үстүнө чыгып, кечки Кара-Бүргөндү карап, суктанып жатабыз. Абдан сонун көрүнөт», — дейт жергиликтүү тургундар.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️