Пример HTML-страницы

Ак-Талаадагы Баетов—Кош-Дөбө унаа жолун сүрдүрүү иштери жүрүп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов—Кош-Дөбө унаа жолун сүрдүрүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Жумадилла Жапаровдун айтымында, кечээ, 28-февраль күнү райондук жол тейлөө ишканасынын грейдер техникасы оңдолуп, жумушчулар Баетов—Кош-Дөбө унаа жолун түнү менен Баетов айылынан тарта Жерге-Тал айылына чейин сүрдүрүштү.

Бүгүн, 1-март күнү Жерге-Тал айылынан тарта Кош-Дөбө айылына чейин сүрдүрүшөрү маалым болду. Ошондой эле жол үстүндө ээриген кар сууларын жол сыртына агызуу иштери дагы жүрүп жатат.

Буга чейин Turmush басылмасы кечээ, 28-февралда жолдун абалына нааразы болгон бир катар айдоочулар жолду сүрдүрүп берүү талабы менен район акимине киришкенин жазган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE