Ак-Талаадагы Ала-Буга айыл өкмөтүнүн башчысы Мирбек Сатындиев ээлеген кызматынан кетти

Акыркы жанылыктар

TurmushАк-Талаа районундагы Ала-Буга айыл өкмөтүнүн башчысы Мирбек Сатындиев ээлеген кызматынан кетти.

Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын маалыматына караганда, аталган айыл өкмөттүн башчысы өз арызы менен кызматынан бошогон. Ал 2023-жылдын 4-октябрь күнү айыл өкмөт башчы болуп дайындалган.

Административдик-аймактык реформанын алкагында Кош-Дөбө, Жерге-Тал, Чолок-Кайың жана Коңорчок айылдары биригип, Ала-Буга айыл аймагы болуп түзүлгөндөн бери эки жолу айыл өкмөт башчы дайындалып, эки жолу айыл өкмөт башчысы кызматынан кетти. Тактап айткандан, буга чейин бул кызматты аркалаган Иличбек Иманалиев дагы өз каалоосу менен ордун бошотуп берген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️