Ак-Талаада окуучулар арасында интеллектуалдык сынак өттү

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районунда окуучулар арасында «Билим кубогу» аталышындагы интеллектуалдык сынак уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, ак-талаалык жаш активисттер Бактияр Качыбеков менен Карлыгач Эсенбекова тарабынан кыргыз тилин өнүктүрүү, жаштардын билим деңгээлин жогорулатуу жана окууга болгон кызыгуусун арттыруу максатында сынак уюштурушкан.

Сынактын 1-туру Коңорчок айылынын Насипа Жыргалбекова атындагы орто мектебинде, Тоголок Молдо айылынын Жоробек Сатылганов атындагы орто мектебинде жана Баетов айылынын Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинде өткөрүлүп, финалга 6 команда жолдомо алды. Финалдык туру ушул жылдын 1-ноябрь күнү өткөрүлөт.

Финалга өткөн командалар:

— Жерге-Тал айылынын Итукул Молдобаев атындагы орто мектебинин «Ак ниет» командасы;

— Кара-Бүргөн айылындагы Мукаш Базаркулов атындагы орто мектебинин «Акыл башаты» командасы;

Пример HTML-страницы

— Баетов айылындагы Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинин «Келечек» командасы;

— Терек айылындагы Калый Молдобасанов атындагы мектебинин «Мыктылар» командасы;

— Кызыл-Белес айылындагы Сүйүнбек Атамбеков атындагы орто мектебинин «Билим KG» командасы;

— Тоголок Молдо айылынын Жоробек Сатылганов атындагы орто мектебинин «Интеллект» командасы өттү.

Жеңген командаларга демөөрчүлөр тарабынан акчалай сыйлыктар жана баалуу белектер тапшырылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️