Ак-Талаада окуучулар арасында өткөн волейбол боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды

В Ак-Талинском районе определили победителей школьной лиги по волейболу Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районунда окуучулар арасында спорттун волейбол түрү боюнча мектеп лигасы өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталды.

Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин дене тарбия мугалими Гүлжаз Капарбекованын айтымында, Нарын облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгы менен райондук билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулган мектеп лигасынын волейбол мелдеши боюнча райондук туру өткөрүлүп, уландардан 6 команда, кыздардан 6 команда катышты. Жеңүүчүлөргө облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгы тарабынан акчалай байгелер коюлду.

Уландар арасында:

— 1-орунду Баетов айылынын Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинин командасы камсыздап, диплом жана 10 миң сом;

— 2-орунду Тоголок Молдо айылынын Жоробек Сатылганов атындагы орто мектебинин командасы ээлеп, диплом жана 8 миң сом;

— 3-орунду Баетов айылынын Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин командасы багынтып, диплом жана 6 миң сом менен сыйланды.

Кыздар арасында:

— 1-орунду Баетов айылынын Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин командасы ээлеп, диплом жана 10 миң сом;

— 2-орунду Баетов айылынын Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинин командасы камсыздап, диплом жана 8 миң сом;

— 3-орунду Жаңы-Талап айылынын Байымбет атындагы орто мектебинин командасы жеңип, диплом жана 6 миң сом менен сыйланды.

Ал эми кыздар арасында 1-орунду камсыздаган Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин командасы менен уландар арасында 1-орунду ээлеген Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинин командасы облустук турга жолдомо алышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️