Пример HTML-страницы

Ак-Талаада мыйзамсыз токой кыюунун алдын алуу үчүн рейд жүрүүдө

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа райондук токой чарбасынын кызматкерлери токойлорду мыйзамсыз кыюуларга бөгөт максатында рейддерге чыгышууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ак-Талаа райондук токой чарбасынын башчысы Рысбек Каналиевдин айтымында, рейддин жүрүшүндө кызматкерлер жергиликтүү тургундар менен жолугушууларды өткөрүп, мыйзамсыз токойлорду кыюу фактылары катталса, мыйзам чегинде жооп беришерин, айып пул төлөшөрүн жана токой бөлүмчөлөргө кайрылып, мыйзамда көрсөтүлгөн акчаны төгүү менен кургак отун алууга болорун жана башка иштер боюнча түшүндүрүү жана эскертүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Ак-Талаа токой чарбасы 3 токой бөлүмүнөн турат. Ак-Тал токой бөлүмчөсүндө 27 миң 529 гектар аянт, Куртка токой бөлүмчөсүндө 37 миң 971 гектар, Кош-Дөбө токой бөлүмчөсүндө 16 миң 279 гектар токой аянты бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE