Пример HTML-страницы

Ак-Талаада коомдук ишмер Мырзабек Черикбаев көз жумду

Акыркы жанылыктар

Turmush27-майда Ак-Талаа районунда коомдук ишмер Мырзабек Черикбаев көз жумду. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Маалыматка караганда, ал 70 жашта болчу. Маркум 28-май күнү Ак-Талаа районунун Баетов айылында жерге берилди.

С.Черикбаев 1980-1990-жылдары Ак-Талаа районуна жана Баетов айылына көрктөндүрүү, социалдык объектилерди куруу, айылдын инфраструктураларын оңдоого салым кошкон.

Өмүр баяны:

Черикбаев Мырзабек Мокеевич 1954-жылы Нарын шаарында туулган. 1961-жылы Нарын шаарындагы Токтогул атындагы орто мектебинде, 1971-жылы Ак-Талаа районунда В.Ломоносов (азыркы Шүкүрбек Бейшеналиев) атындагы орто мектебинде билим алган. 1973-1975-жылдары Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1978-1982-жылдары Фрунзе шаарындагы политехникалык институтунда окуган. 1982-1983-жылдары айыл чарба химия бирикмесинде башкы инженер, 1983-1988-жылдары Ак-Талаа райондук колхоздор аралык курулуш уюмунда башкы механик, 1988-1998 жылдары Ак-Талаа райондук мунайзат ишканасында директор болуп эмгектенген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE