Ак-Талаада Көчмөндөр оюндарында өзгөчө ыкма көрсөткөн көк бөрүчүнү тосуп алып, аргымак тартуулашты. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районунун Кызыл-Белес айылында V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына көк бөрү боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын оюнчусу болгон Дастан Руслан уулун салтанаттуу тосуп алышты. Бул тууралуу Turmush басылмасына айыл тургуну Самат Каарманов билдирди.

Анын айтымында, көк бөрүчүнү Ак-Талаа районунун кире беришинде салтанаттуу тосуп алышып, Тайлак баатырдын күмбөзүнө барып куран окушту. Андан соң айылга келишип, улакчы жигитке айыл аксакалдары бата берип, сый көрсөтүлүп, аргымак мингизишти.

Дастан Руслан уулу Кызыл-Белес айылында 2003-жылы туулган. Ал алгач Ак-Талаа районунун «Соң-Көл» командасында, андан кийин Нарын облусунун «Намыс» командасында ойноп келген болсо, учурда көк бөрү боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасында ойноп келет. Минген тулпарынын каймана аты — «Фаворит».

Улакчы жигит Казакстанда өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү боюнча финалда тайказанга улакты өзгөчө кооз ыкма менен ыргытып, мактоого арзыды.

Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча финалдык оюнда Кыргызстан менен Казакстандын курама командалары бет келген. Анда Кыргызстандын командасы атаандашын 10:4 эсебинде жеңди.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️