Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Ак-Талаада футбол өтүп, анда чогулган каражат жардамга муктаж Амирага берилди

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылында кайрадан кайрымдуулук үчүн кичи футбол мелдеши өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Баетов айылынын тургуну Жаныбек Жээнбековдун айтымында, аталган айылдын Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин 2-классынын окуучусу Амира Бакытбекова бөйрөк оорусунан жабыркап келет. Ага Түркиядан тез арада операция жасатуу үчүн 15 миң доллар керек болууда. Учурда кайрымдуулук үчүн каражат топтоо иштери жүрүп жатат. Ошол себепте окуучу кыздын аяш аталары тарабынан кичи футбол мелдеши уюштурулуп, ага катышкан командалар ортого 2 500 сомдон каражат чогулушту.

Жалпы 15 команда оюн талаасында беттешип, жыйынтыгында 30 жашка чейинкилер арасында 1-орунду 1996-жылкы жигиттер, 2-орунду 1995-жылкы жигиттер, 3-орунду 1992-жылкы жигиттер камсыздады. Ал эми 40 жашка чейинкилердин арасында 1-орунду 1987-жылкы жигиттер, 2-орунду 1986-жылкы, 3-орунду 1985-жылкы тургундар ээледи. Ал эми 40 жаштан жогоркулар арасында 1-орунду 1973-жылкылар, 2-орунду 1982-жылкылар, 3-орунду 1979-жылкы тургундар багындырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE