Пример HTML-страницы

Ак-Талаада эки бир тууган кыз ооруканага жеткирилди. Окуя тууралуу эмне белгилүү?

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагына караштуу Кош-Дөбө айылында милиция 2 наристеге — бир туугандарга карата зомбулук көрсөтүлгөндүгү боюнча фактыны иликтеп жатат.

Turmush басылмасынын кабарчысы тактаган маалымат боюнча, ушул жылдын 5-июнунда саат 10:40 чамасында Ак-Талаа райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборунун тез жардам бөлүмүнө 2020-жылы туулган Н.Т жана 2021-жылы туулган А.Т. аттуу наристелер зордук-зомбулуктун белгилери менен түшкөн. Аларды бөлүмгө Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнүн жана Ак-Талаа райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкерлери алып келишкен.

Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Кундуз Эсенгулова аталган факт рейд учурунда катталгандыгын билдирди.

«Аталган айылда мигранттардын балдарын тактоо, камкордукка алынган, асырап алган балдардын жашоо-шартын көзөмөлдөө максатында жургүзүлгөн рейд учурунда аныкталды. 2 өспүрүм кыз таенесинин колунда болгон. Ата-энеси Бишкек шаарында жашайт. Таенеси учурда «Кыздар жыгылып кетти» деп көрсөтмө берип жатат. Бүгүнкү күндө соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Балдар ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө. Жыйынтыгын күтүп жатабыз, тергөө жүрүп жатат», — деди ал.

Ал эми райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборунун дарыгери Майрам Токтомамбет кызы кыздардын денесинде ар кандай көк ала тактар болгондугун айтты.

«Кыздарынын биринин таманында, биринин жаагында күйүктүн тактары бар экен. Азыр абалдары жакшы. Апасы жанында болуп жатат», — деди дарыгер.

Кыздардын апасы — 24 жаштагы келин кыздарын март айында апасына бергендигин айтты.

«Бишкекте жашайбыз. Токтогулга келин болгом. Жолдошум экөөбүз кеңешип, кыздарды апама алып келгем. Сакайып чыгышса, алып кетем», — деди ал.

Ак-Талаа райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысынын орун басары Бакыт Осмоновдун айтымында, мигрант үй-бүлөлөрдүн балдарын, жашоо-турмушун көзөмөлдөө, аларга карата зордук-зомбулукту алдын алуу максатында мындай биргелешкен рейд дайыма уюштурулуп турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE