Ак-Талаада балбандар Өмүрбек Асан уулун, Абдумалик Карачевди, Токтосун кызы Аселди тосуп алышты (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushАк-Талаа районунун Жаңы-Талап айылынан чыккан балбан, эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону Өмүрбек Асан уулуна 30 миң сом сыйлык тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Иордания өлкөсүнүн Амман шаарында 17 жашка чейин өспүрүмдөр арасында өткөн эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында 60 килограмм салмактагылар арасында дүйнө чемпиону болууга жетишкен Өмүрбек Асан уулун, 30-июнь күнү ошол эле Амман шаарында эркин күрөш боюнча 23 жаштагы өспүрүмдөр арасында Азия чемпионатында алтын медаль тагынган ак-талаалык балбан Абдумалик Карачевди, 7-июль күнү Таиланддын Шрирача шаарында 15 жашка чейинки өспүрүм кыздар эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медаль тагынган Токтосун кызы Аселди жана бул балбандардын биринчи машыктыруучусу Алмаз Кайыповду салтанаттуу тосуп алуу аземи уюштурулду.

Аларды Баетов айылындагы Тайлак баатырдын айкелинин алдынан тосуп алышып, Манас көчөсү аркылуу «Жеңиш» сейил багына чейин жөө жүрүш менен коштоп келишти. Андан соң балбандарды куттуктоо жана сыйлоо салтанаты болуп өттү. Балбан Өмүрбек Асан уулуна акимчилик тарабынан «Ак-Талаа районунун ардактуу атуулу» наамы жана 30 миң сомдун сертификаты, балбан Абдумалик Карачев менен Токтосун кызы Аселге 10 миң сомдун сертификаттары жана машыктыруучусу Алмаз Кайыповго ардак грамота менен 5 миң сомдун сертификаты ыйгарылды.

Мындан тышкары, мекеме, ишкана жетекчилердин атынан, аксакалдардын атынан жана демөөрчүлөр тарабынан акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️