Ак-Талаада аркан тартыш, таяк тартыш жана кол күрөш боюнча мелдештердин жеңүүчүлөрү аныкталды

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 31-август күнү Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгы жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата Ак-Талаа районунда эркектер арасында кол күрөш, аркан тартыш жана таяк тартыш, ал эми кыз-келиндер арасында аркан тартыш боюнча мелдеш өткөрүлдү.

Маалым бологондой, ага райондун резервдик фондунан акчалай байге коюлган.

Кол күрөш боюнча 80 кг салмактан жогоркулар арасында;

— 1-орунду Коңорчок айылынын спортчусу Тейитбек Анарбек уулу

— 2-орунду Баетов айылынын спортчусу Мирлан Ажыманбетов

Пример HTML-страницы

— 3-орунду Кош-Дөбө айылынын спортчусу Намазбек Болотбек уулу багындырды.

80 кг салмактагылар арасында;

— 1-орунду Жаңы-Талап айылынын спортчусу Адис Жыргалбеков

— 2-орунду Жаңы-Талап айылынын спортчусу Нооруз Бактыбек уулу

— 3-орунду Баетов айылынын спортчусу Марлен Уланбек уулу камсыздады.

Таяк тартыш боюнча 80 кг салмактан жогоркулар арасында;

— 1-орунду Коңорчок айылынын спортчусу Тейитбек Анарбек уулу,

— 2-орунду Терек айылынын спортчусу Ильгиз Жолдошбек уулу,

— 3-орунду Тоголок Молдо айылынын спортчусу Субан Эмилбек уулу багындырды.

80 кг салмактагылар арасында;

— 1-орунду Тоголок Молдо айылынын спортчусу Кубат Нарынбек уулу,

— 2-орунду Баетов айылынын спортчусу Майрамбек Капарбек уулу,

— 3-орунду Кызыл-Белес айылынын спортчусу Жаныш Токтожума уулу камсыздады.

Аркан тартыш боюнча эркектер арасында;

— 1-орунду Тоголок Молдо айылынын командасы,

— 2-орунду райондук суу чарба башкармалыгы,

— 3-орунду Терек айылынын командасы багындырды.

Ал эми аркан тартыш боюнча кыз-келиндер арасында атаандаштары оюн талаасына чакырылып, бирок чыгышпагандыктан улам спорттун эрежеси боюнча Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин командасы утушка ээ болду.

Жеңүүчүлөр акчалай байге, диплом жана медалдарга ээ болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️