Ак-Талаада акыркы 6 айдын ичинде бруцеллездун 16 учуру катталганы айтылды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районунда 2024-жылдын 6 айында бруцеллездун 16 учуру катталган. Бул тууралуу кечээ, 11-июль күнү өткөн өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оорулар боюнча кеңешмеде белгилүү болду.

Ак-Талаа райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жетекчиси Эрлан Бекишовдун айтымында, бруцеллездун 12 учуру эркектерде, 4 учуру аялдарда катталган.

Алардын арасында 14 жашка чейинки балдар дагы бар. Оорунун 4 учуру ири мүйүздүү малдан жукканы аныкталган, калганы белгисиз. Илдет былтыркы жылдын 6 айына салыштырмалуу 10 учурга өскөндүгү айтылды. Айыл өкмөттөр боюнча бруцеллездун курч кармаган түрү төмөнкү аймактарда жогорку көрсөткүчтө турат.

— Баетов айыл аймагында — 3 учур;

— Чолок-Кайың айыл аймагында — 4 учур;

Пример HTML-страницы

— Кош-Дөбө айыл аймагында — 3 учур.

Координациялык кеңешке катышкан айылдык ден соолук комитеттеринин, фельдшердик-акушердик пункттардын жана айыл өкмөттөрдүн социалдык кызматкерлери оорунун көбөйүшүнө ветеринардык кызматтын начардыгы себеп болуп жатканын айтышты.

Буга жооп катары Ак-Талаа райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын улук инспектору Келгеналы кызы Атыркүл айылдарда мал ооруларын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери байма-бай жүргүзүлүп жатканын, бирок мал ээлери санитардык эрежелерди сактабастан кайдыгерлик кылып жатышканын белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️