Ак-Талаада айымдар арасында волейбол жана аркан тартыш боюнча мелдеш өттү

TurmushАк-Талаа районунда кыз-келиндер арасында волейбол жана аркан тартыш боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, мекеме-ишканаларда иштеген кыз-келиндердин «Шерине» аталышындагы таймашына жалпы 8 команда катышты. Анын байше фонду Баетов айылындагы ишкер айымдар тарабынан каржыланды.

Волейбол боюнча 1-орунду райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборунун командасы багынтып, өтмө кубокко ээ болсо, 2-орунду Терек айылынын «Терекке береке» бала бакчасынын командасы, 3-орунду Баетов айылынын Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинин командасы ээледи.

Аркан тартыш боюнча 1-орунду Баетов айылынын «Тынчтык» балдар бакчасы, 2-орунду аялдар кеңеши, 3-орунду «Терекке береке» балдар бакчасынын командасы ээледи.

«Мыкты оюнчу» номинациясы менен Баетов айылынын Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин командасынын оюнчусу Гүлжаз Капарбекова жана «Тынчтык» балдар бакчасы командасынын оюнчусу Элесгүл Баялиева сыйланды. Жеңүүчүлөргө жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️