Ак-Талаада агартуу тармагынын кызматкерлери арасында волейбол мелдеши өтүп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районунда Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Акин Токтосунованын жаркын элесине арналган волейбол мелдеши өтүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, дээрлик 45 жыл өмүрүн билим берүү тармагына жумшаган Акин Токтосунованын жаркын элесине арналган мелдеш «Ынтымак кубогу» деп аталып, агартуу тармагынын кызматкерлери катышып жатат. Спорттук иш-чара маркумдун уул-кыздары тарабынан уюштурулууда.

Мелдеш Коңорчок айылынын Насипа Жыргалбекова, Жаңы-Талап айылынын Байымбет атындагы орто мектебинде жана Баетов айылынын Шүкүрбек Бейшеналиев менен Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинде өтүүдө. Финалга чейинки тандоо туру өтүп, 1-2-орунду камсыздап келген командалар бүгүн, 29-октябрь күнү финалдык беттешке чыгышат. Мелдештин жалпы байге фонду 120 миң сомду түзөт.

Мелдештин башталышына арналган аземге мектеп директорлору, Акин Токтосунованын замандаштары, кесиптештери жана мугалимдер менен тарбиячылар катышты. Алгач маркумга багышталып куран окутулду. Андан соң ардагер мугалимдин өмүрү, эмгек жолу эскерилди. Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинде Акин Токтосунованын наамында автордук класс ачылган.

Пример HTML-страницы

Акин Токтосунова 1947-жылы Кара-Бүргөн айылында туулган. 4 баланын энеси, 12 небере, 1 чөбөрөнүн чоң энеси.

1963-1968-жылдары СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетинде билим алган.

Эмгек жолу:

— 1968-1983-жылдары Баетов айылындагы Ломоносов (азыркы Шүкүрбек Бейшеналиев) атындагы орто мектебинде мугалим;

— 1983-1987-жылдары Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинде окуу иштери боюнча директордун орун басары;

— 1987-2002-жылдары Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин директору;

— 2002-2010-жылдары райондук билим берүү бөлүмүндө методист болуп үзүрлүү эмгектенген.

Билим берүү жана илим министрлигинин ардак грамотасы, «Эл агартуунун мыктысы» төш белгиси, министрликтин профсоюз борбордук комитетинин «Профсоюз уюмунун мыктысы» төш белгиси, Баетов айылынын «Ардактуу атуулу» наамы жана башка райондук, облусттук бир канча сыйлыктар менен сыйланган. 2000-жылдын 27-август күнү «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими» наамы ыйгарылган.

Акин Токтосунова 2022-жылы 20-июнь күнү 75 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн өткөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️