Ак-Талаада агартуу тармагынын август кеңешмеси өткөрүлдү

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районунда «Билим берүүгө 100 жыл: трансформация чакырыктар жана жаңы горизонттор» деген аталышта мугалимдердин август кеңешмеси өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка карагана, кечээ, 23-август күнү өткөрүлгөн август кеңешмесине мектеп, бала бакчалардын кызматкерлери, мекеме жетекчилери, айыл өкмөт башчылары катышты.

Кеңешмеде алгач өлкө тарыхындагы алгачкы агартуучулар, эгемендүүлүк жылдарындагы билим берүү тууралуу даярдалган видео көрсөтүлдү.

Андан соң, Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жайдарбек Сыдыков билим берүү кызматкерлерин жаңы окуу жылы менен куттуктап, 2023-2024-окуу жылында жасалган иштер, жетишкен ийгиликтер тууралуу баяндама жасады. Ошондой эле жаңы окуу жылына карата коюлган милдеттерди баса белгилеп, агартуучуларды билим бийиктигин багынтууга, ийгиликтерди жарата берүүгө чакырды.

Соңунда билим берүү тармагынын жылдык иш мереми жана август кеңешмесинин резолюциясы кабыл алынды.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️