Ак-Талаада өлкөнүн Эгемендүүлүк майрамы салтанаттуу белгиленди

Акыркы жанылыктар

TurmushКыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгы жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгы Ак-Талаа районунун Баетов айылында салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, алгач Дөрбөлжүн аянтында райондук мекеме, ишканалардын жана айыл өкмөттүн кызматкерлери параддан өтүштү. Андан соң салтанат «Жеңиш» сейил багында уланды. Иш-чаранын жүрүшүндө райондун өнүгүшүнө салым кошкон адамдарга райондун «Ардактуу атуулу», Баетов айылынын «Ардактуу атуулу» наамдары жана Аялдар кеңешинин сыйлыктары тапшырылды.

Ошондой эле райондук маданият бөлүмүнүн өнөрпоздору жана эл ичиндеги таланттар тарабынан концерттик программа тартууланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️