Ак-Талаа районундагы 18 мектепти оңдоо үчүн 2,5 миллион сом сарпталды

Акыркы жанылыктар

TurmushАк-Талаа районунда орто мектептерди оңдоодон өткөрүү үчүн өткөн жылга салыштырмалуу быйыл көбүрөөк акча бөлүндү. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жайдарбек Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, 2024-2025-окуу жылына карата орто мектептердин имараттарын оңдоодон өткөрүүгө Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан акча бөлүнүп, оңдоо иштери аягына чыкты. Учурда атайын түзүлгөн тиешелүү комиссия түзүлүп, оңдоо иштери менен жеринен таанышып чыгып жатат.

Ала-Буга айыл аймагы боюнча:

— Кош-Дөбө айылындагы Эргеш Мейманов атындагы орто мектебине өткөн жылы 77 миң 200 сом бөлүнсө, быйыл 193 миң 100 сом бөлүнгөн;

— Жерге-Тал айылындагы Итикул Молдобаев атындагы орто мектебине өткөн жылы 8 миң 900 сом, быйыл 32 миң 400 сом бөлүнгөн;

Пример HTML-страницы

— Чолок-Кайың айылындагы Бердалы Календеров атындагы орто мектебине өткөн жылы 37 миң 400 сом, быйыл 112 миң 200 сом бөлүнгөн;

— Коңорчок айылындагы Насипа Жыргалбекова атындагы орто мектебине өткөн жылы 24 миң 500 сом, быйыл 121 миң 300 сом бөлүнгөн.

Кара-Бүргөн айыл аймагы боюнча:

— Кара-Бүргөн айылындагы Мукаш Базаркулов атындагы орто мектебине өткөн жылы 31 миң 800 сом, быйыл 248 миң сом бөлүнгөн;

— Ак-Чий айылындагы Мурзабек Балбаков атындагы орто мектебине өткөн жылы 9 миң 200 сом, быйыл 99 миң 600 сом бөлүнгөн;

— Жаңы-Тилек айылындагы Сабитакун Жусупбаев атындагы орто мектебине өткөн жылы 8 миң 200 сом, быйыл 70 миң 900 сом бөлүнгөн;

Баетов айыл аймагы боюнча:

— Терек айылындагы Калый Молдобасанов атындагы орто мектебине өткөн жылы 16 миң 900 сом, быйыл 79 миң 700 сом бөлүнгөн;

— Баетов айылынын Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебине өткөн жылы 69 миң 500 сом, быйыл 397 миң 600 сом бөлүнгөн;

— Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебине өткөн жылы 59 миң 800 сом, быйыл 262 миң 300 сом бөлүнгөн;

— Кайыңды-Булак айылынын Бакый Мүсүралиева атындагы орто мектебине өткөн жылы 11 миң 900 сом, быйыл 64 миң 700 сом бөлүнгөн;

— Байгөнчөк айылынын Табрис Оторов атындагы орто мектебине өткөн жылы 9 миң сом, быйыл 39 миң 700 сом бөлүнгөн;

— Үгүт айылынын Муса Баетов атындагы орто мектебине өткөн жылы 14 миң 100 сом, быйыл 88 миң сом бөлүнгөн.

Тоголок Молдо айыл аймагы боюнча:

— Ак-Тал айылындагы Аскар Турдакунов атындагы орто мектебине өткөн жылы 23 миң сом, быйыл 46 миң 400 сом бөлүнгөн;

— Ак-Кыя айылынын Асаналы Абдраимов атындагы орто мектебине өткөн жылы 36 миң 900 сом, быйыл 127 миң 600 сом бөлүнгөн;

— Жаңы-Талап айылынын Байымбет атындагы орто мектебине өткөн жылы 44 миң 800 сом, быйыл 160 миң 700 сом бөлүнгөн;

— Тоголок Молдо айылынын Жоробек Сатылганов атындагы орто мектебине өткөн жылы 51 миң сом, быйыл 247 миң 400 сом бөлүнгөн;

— Кызыл-Белес айылынын Сүйүнбек Атамбеков атындагы орто мектебине өткөн жылы 20 миң 400 сом, быйыл 137 миң 700 сом бөлүнгөн.

Жалпылап айтканда Ак-Талаадагы орто мектептерди оңдоодон өткөрүүгө өткөн 2023-2024-окуу жылына 554 миң 500 сом бөлүнсө, быйылкы 2024-2025-окуу жылына карата 2 млн 529 миң 300 сом бөлүнгөн. Район боюнча жалпы 18 орто мектеп бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️