Ак-Талаа районунда мугалимдердин кесиптик майрамы белгиленди

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 4-октябрь күнү Ак-Талаа районунда мугалимдердин кесиптик күнү белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, иш-чарага райондук бийликтин өкүлдөрү, мекеме, ишкана жетекчилери, мектеп жана бала бакчалардын директорлору, тарбиячылар жана мугалимдер катышты. Майрамдык салтанаттын жүрүшүндө, айрым мугалим жана тарбиячыларга «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси жана ардак грамоталар тапшырылды.

Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин мугалимдери тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️