Пример HTML-страницы

Ак-Талаа районунда 450 гектар жерди сугат суу менен камсыздай турган канал курулуп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айыл аймагына караштуу Ак-Чий айылынын Майыстан чөлкөмүндө суу канал курулуп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Жаман-Даван дарыясынан Кара-Бүргөн, Ак-Чий айылдарынын дыйкандарына сугат суу алып баруу үчүн 3,5 чакырым узундуктагы Үч-Алыш суу каналынын курулушу кызуу уланууда.

Курулуштун жалпы наркы 19 млн 220 миң сомду түзөт. Ал чарбалык ыкма менен курула тургандыктан 10 млн 730 миң сом керектелет.

Канал курулуп бүтсө, бери дегенде 350 гектар жер сугат суу менен камсыздалат. Ошондой эле 150 гектар жер жаңы өздөштүрүлөрү күтүлүүдө.

Учурда 300 метрге чукул канал курулуп бүттү.

Каналды куруу иштерине Ак-Талаа райондук суу чарба башкармалыгынын жана Кара-Бүргөн айыл аймагынын «Кадаң-Майстан» муниципалдык ишканасынын техникалары, ошондой эле 150 жумушчу тартылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE