Ак-Талаа районунда 13 бала бакчанын директору кызматтан бошотулду (тизме)

Акыркы жанылыктар

TurmushАк-Талаа районунда 13 бала бакчанын директору 5 жылдан ашык жетекчи болуп иштегени үчүн кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Динара Исаманбетова билдирди.

Анын айтымында, 2024-жылдын 28-майында Министрлер кабинетинин №273 токтому чыккан. Анда мектепке чейинки билим берүү уюмдарында жалпысынан 5 же андан көп жыл иштеген жетекчилерди ээлеген кызмат ордунан бошотуу керектиги айтылган. Кызматтан бошогон директорлордун 10 жылга чейин директор болгондору кайрадан сынак аркылуу директорлук кызматка келе алышат.

«Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык 5 жылдан ашык жетекчилик кызматта отурган директорлорду бошоттук. Мунун ичинен 5 жылдан ашык, 10 жылга чейин жетекчилик кызматта отургандар сынак аркылуу кайрадан өздөрү иштеген бала бакчанын директорлук кызмат ордуна келсе болот. Ал эми 10 жылдан ашык иштегендер болсо, сынак аркылуу башка бала бакчалардын жетекчилик кызмат ордуна келүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар. Бирок өздөрү иштеген бала бакчалардын директорлук кызмат ордуна келе алышпайт.

Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан чыккан токтомго ылайык, 5 жылдан ашык жетекчилик кызматта иштеп жатышкан бала бакча директорлорун 15-июлдан тарта кызматтан бошотуу боюнча тапшырма келип түшкөн. Учурда бардыгы эмгек өргүүдө жүргөндүгүнө байланыштуу 8-августта окуу убактысы башталганда, бошогон директорлордун ордуна бала бакчада иштеген улук тарбиячылар бала бакча башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу болуп дайындалышат», — деди Исаманбетова.

Кызматтан бошотулган бала бакча башчылары:

Пример HTML-страницы

— Ала-Буга айыл аймагынын Кош-Дөбө айылынын «Калыйкан апа» бала бакчасынын директору Усейинбекова Назира Кулжыгачовна;

— Ала-Буга айыл аймагынын Жерге-Тал айылындагы «Аруу-Нур» бала бакчасынын директору Чылымова Айгүл Абдраимовна;

— Ала-Буга айыл аймагынын Чолок-Кайың айылындагы Кайбылда Касмалиев атындагы бала бакчанын директору Маамытова Гүлкайыр Өмөровна;

— Кара-Бүргөн айыл аймагынын Ак-Чий айылындагы «Нур-Эл»бала бакчасынын директору Жакыпова Зинабүбү Рыскулбековна;

— Кара-Бүргөн айыл аймагынын Жаңы-Тилек айылындагы «Нур-Ал» бала бакчасынын директору Султаналиева Минара Кылычбековна;

— Баетов айыл аймагынын Баетов айылындагы «Жаш балаты» бала бакчасынын директору Рысбаева Чолпон Сапарбековна;

— Баетов айыл аймагынын Баетов айылындагы «Жаш тилек» бала бакчасынын директору Токтобекова Асел Жаныбековна;

— Баетов айыл аймагынын Терек айылындагы «Тереке-Береке» бала бакчасынын директору Шергазиева Мээрим Токтожумаевна;

— Баетов айыл аймагынын Кайыңды-Булак айылындагы «Кайыңды-Булак Чолпон» бала бакчасынын директору Самара Бактыгул кызы;

— Баетов айыл аймагынын Үгүт айылындагы «Айдос» бала бакчасынын директору Жусубалиева Мимоза Карыбековна;

— Тоголок Молдо айыл аймагынын Ак-Тал айылындагы «Ак-Тал» бала бакчасынын директору Макеева Айгүл Касымовна;

— Тоголок Молдо айыл аймагынын Жаңы-Талап айылындагы «Бөбөктай» бала бакчасынын директору Мурсалиева Жеңишгүл Карасартовна;

— Тоголок Молдо айыл аймагынын Кызыл-Белес айылындагы «Кадыраалы» бала бакчасынын директору Чотурова Нуржан Мукашовна.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️