Пример HTML-страницы

Ак-Талаа районунда 120 энеге кийим-кече таратылды

Акыркы жанылыктар

Turmush1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Ак-Талаа районунда энелерге майрамдык салтанат уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, анда райондун активист айымдары көп балалуу, жалгыз бой жана социалдык жардамга муктаж балдардын энелерин сыйлашты. Аларга арналып концерт тартууланды. 120 энеге кийим таратылды.

Новосибирск шаарынан келген активист айым Наргиза Ибраимова социалдык жардамга муктаж энелерге ар дайым колдоо көрсөтүшөрүн айтты.

«Бул майрамдык салтанатты балдар жана энелер күнүнө карата уюштурдук. Балдарга эмес, ошол балдарды төрөп, балдарын багып түйшүк тартып келе жатышкан жалгыз бой энелерге, көп балалуу энелерге жана жардамга муктаж энелерге аз да болсо майрамдык маанай тартуулап, көңүлдөрүн көтөрүп, аз да болсо белегибизди берүү максатында уюштурдук. Уюштуруучулардын арасында Россияда, Бишкекте, Нарын шаарында жана Баетов айылында иштеп жүргөн активист айымдар бар», — деди Наргиза Ибраимова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE