Пример HTML-страницы

Ак-Талаа районунда өткөн майрамдык салтанаттан фоторепортаж

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районунда 21-март — Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Майрамдык салтанат Баетов айылынын «Дөрбөлжүн» аянтында өтүп, ак-талаалыктарды майрамы менен район акими Жумадилла Жапаров, Баетов айыл өкмөт башчысы Алмаз Абдылдаев жана башкалар куттуктады.

Салтанаттын жүрүшүндө мекеме-ишканалар арасында улуттук тамак-аштардын көргөзмөсү уюштурулуп, бир катар жарандарга «Ардактуу атуул» наамы ыйгарылып, мекеме-ишканалар арасында өткөн «Жылдын мыктылары» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталып, «Ак Мөөр» сулуулар сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды.

Ошондой эле, райондук маданият үйү тарабынан даярдалган чоң программадагы концерт тартууланып, райондун спорт инструктору тарабынан бир катар спорттук мелдештер өткөрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE