Turmush — Нарын облусунун Ак-Талаа райондук балдар билим берүү борборуна композитор, обончу Жалил Сыдыковдун ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 15-ноябрь күнү аталган борборго обончу, композитор, публицист, акын жана коомдук ишмер Жалил Сыдыковдун ысымын ыйгаруу аземи өттү. Ага жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, белгилүү ырчы-обончулар, жергиликтүү тургундар жана Жалил Сыдыковдун ага-туугандары катышты.
Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө, балдар билим берүү борборуна Жалил Сыдыковдун пайдаланган пианиносу, төш белгилери жана башка буюмдары, ошондой эле музыкалык жабдуулар тапшырылды. Мындан тышкары, композитордун уулу Элзар Сыдыковго Ак-Талаа районунун «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылса, иниси Жыргалбек Сыдыковго Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын ардак грамотасы, аталган борбордун директору Айнура Баязовага Кыргыз Республикасынын президентинин Нарын облустук ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ыраазычылык каты ыйгарылды. Иш-чаранын экинчи бөлүгү Кайыпбек Султангазиев атындагы маданият үйүндө уланып, анда белгилүү ырчы-обончулар тарабынан элге акысыз концерт тартууланып, өнөр секисинде Жалил Сыдыковдун обондуу ырлары жаңырды. Иш-чаранын соңунда «Жалил Сыдыков» атындагы коомдук фонддун, Баетов айыл өкмөтүнүн, райондук маданият бөлүмүнүн жана Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын ыраазычылык каттары ырчыларга тапшырылды.
Ак-Талаа райондук балдар билим берүү борбору 2001-жылы 22-октябрь күнү уюштурулган. Ал эми имараты 1936-жылы курулган. Учурда борбордо 502 окуучу математика, компьютер, орус тили, англис тили, бий, комуз, көркөм сүрөт, чебер колдор, алтын ийне, алтын оймок жана шахмат ийримдеринде билим алышууда. Борбордо 15 мугалим жана 7 техникалык кызматкер эмгектенет.
Борборго Жалил Сыдыковдун ысымын ыйгаруу боюнча уулу Элзар Сыдыков жана иниси Жыргалбек Сыдыков тарабынан кайрылуу болгон. Мындан улам Баетов айылдык кеңешинин токтомунун негизинде Жалил Сыдыковдун ысымы ыйгарылды.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.