Пример HTML-страницы

Ак-Түздөн чыккан хоккейчилердин архивдик сүрөтү

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Кемин районуна караштуу Ак-Түз айылынын тургундары союз кезинде хоккей ойноп, республикалык чемпионаттарга чейин катышкан. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл тургундары билдиришти.

Ак-Түз айыл өкмөт башчысы Анвар Турдубековдун маалыматына караганда, Ак-Түз айылынан чыккан хоккей командасы республикада күчтүү командалардын бири болгон.

«Биз ал убакты көрбөй калдык. Улуу муундагы кишилердин айтымында, Ак-Түз айылынан чыккан хоккей командасы республикада күчтүү командалардын бири болгон экен. Айылдын жогору жагында бир стадион бар. Ал жерге жайкысын футбол ойноочу, кышкысын муз тебүүчү аянтча катары колдонулуп келет. Мына ошол жерде олимпиада дагы өткөн экен. Ак-Түздөн чыккан команда республикалык чемпионатка катышкан. Айыл ак сакалдарынын айтымында, бул сүрөт 1982-жылы же 1977-жылы тартылган. Себеби, ошол жылдары биздин айылда чоӊ оюн болгон экен», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE