Пример HTML-страницы

Ак-суулук окуучулар эл аралык шахмат мелдешинен ийгиликтүү кайтышты

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунда «Issykkul Open» аталышындагы шахмат боюнча эл аралык мелдеш өттү. Ага катышкан Ак-Суу районунун окуучулары ийгиликтүү кайтышканын машыктыруучу Самат Деркембаев билдирди.

Анын айтымында, мелдешке 9 мамлекеттен 250 шахматчы барган. Ак-Суу райондук балдар билим борборунан жалпы 14 окуучу катышты.

— Азамат Нурдинов 3-орунду ээлеп, 40 миң сом байгеге татыды;

— Нурэлина Турсуналиева 3-орунду камсыздап, 25 миң сом байгеге ээ болду;

— 12 жаштагы кыздар арасында чемпион болгон Татына Жапаровага 5000 сом берилди.

— 14 жашка чейинки кыздар арасында чемпион болгон Нурайым Турсуналиева жана Эляна Санташбековага 4 миң сом тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE