Ак-суулук мугалим Улан Актенов менен маек

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун Теплоключенка айылындагы С.М.Киров мектебинин география жана биология предмети боюнча мугалими Улан Актенов «Жыл мугалими» сынагына катышууда. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Улан Актенов учурда республикалык «Жыл мугалими» сынагына катышып жатат.

«Бул жолу предметтик сынак болуп жатат. Райондон жана облустан алдыңкы орунду алдым. Азыр республикалык сынакка катышып жатам. 3 турунда тең мыкты өттүм. Буюрса жеңишке жетебиз деген үмүтүм бар. Бул сынакка катышуума жалпы жамаат жана үй-бүлөм чоң салым кошту. Менин 13 жылдык иш тажрыйбамда көп балдар райондо жана облуста алдыңкы орунду багындырып келишет», — дейт ал.

Улан агай кызыктуу жана жоопкерчиликтүү кесибинде тууралуу айтып өттү.

«Мен 1974-жылы Боз-Учук айылында төрөлгөм. Атам айдоочу, энем медицина кызматкери болчу. Алар менин кесип тандоомдо, мектепте география жана биология сабагын жакшы окугандыктан мугалим болууга багыт беришти. 1996-жылы К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетин аяктап, өзүм билим алган М.Мамакеев мектебине ишке кирдим. Андан соң ар тараптан өзүмдү сынап көрдүм. Бирок мектеп жана балдар мени өзүнө тартып туруп алды», — дейт ал.

Пример HTML-страницы

Ал окуучулардын кызыктуу учурун айтып өттү.

«Окуучулар күтүүсүз жана ойго келбеген суроолору, кылыктары менен мугалимдерди арбап алышат. Азыр агайлар мектепте аз болгондуктан, дээрлик башталгыч класстын окуучуларына агайлар сабак бербейт. Башталгыч класстан жаңы жогорку класска келген окуучу, сабакка кирсем «Байке, сиз бул жакта эжей болуп иштейсизби?» деп таң калуу менен сурады. Күлүп, «ооба» деп жооп бердим. Айткандай эле агайлар билим берүү тармагынд аз экени белгилүү», -дейт мугалим.

У. Актенов билим берүү тармагында жетишкендиги үчүн район, облустун бир катар сыйлыктарынын ээси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️