Ак-суулук мугалим Марат Асанбаев окуучулары менен бак-дарактын тамырынан ар кандай жаныбарларды жасашат

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Чолпон айылынын тургуну Марат Асанбаев 30 жылдан бери билим берүү тармагында эмгектенет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Марат Асанбаев Чолпон айылынын Ү.Калиев мектебинде көркөм өнөр ийриминен сабак берет. Ал Жыргалаң суусунун жээгинен табигый кубулуштан пайда болгон тамырларды чогултуп, жаныбарларды жасап келет.

«Бул анимациялык жанр деп аталат. Балдар менен табиятка чыгып, ар түрдүү бак-дарактын тамырын чогултабыз. Жазында, күзүндө Жыргалаң суусу кирип, тартылат. Биз ошол учурду билип, балдар менен экскурсияга чыгабыз. Балдар табиятта эс алуу менен бирге өзгөчө тамырларды таап, бир нерсеге окшоштугун байкашса алып келишет. Азыр 2 тайпага бөлүп, 10 бала менен иштеп жатам», — дейт ал.

Дарактын тамырлары жаныбардын сөлөкөтүн чагылдырат.

«Бул карышкыр Ч.Айтматовдун «Кыямат» чыгармасындагы Акбара. Ал эми бул кадимки күрөң аюу, турна жана чымчыктар. Айрым жыгачтарга буйрутма беребиз. Бул мык кирбеген эң катуу шербет жыгачы. Көл жээктен тапкан жыгачтар да бар», — деп билдирди.

Пример HTML-страницы

Өзгөчө өнөр менен алектенген Марат агай мектепте директор болуп да эмгектенген.

«Мен К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде көркөм өнөр адистигин алгам. Ошондон бери иштеп келем. Ортодо 2004-2015-жылдары мектептин директору болуп калдым. Ошол учурда убакыт болбой калды. Азыр убактым бар болуп, балдар менен иштеп жатам. Эргүү алып, жасаган ишим менен сыймыктанып, билгенимди балдарга үйрөтүп жатам. Азыр 6-класстын балдары менен иштешем. Чоң класстар жаңы үйрөнүп баштаганда окууну бүтүп кетишет экен. Бул балдарды таптап чыгарам деген тилегим бар», — дейт ал.

М.Аманбаев билим берүү тармагында кошкон салымы үчүн бир катар сыйлыктарды алган. Учурда 4 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️