Turmush — Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Боз-Учук айылынын тургуну Асема Маликова кол күрөш менен 2 жылдан бери машыгып келет. Азиянын эки жолку чемпиону менен аймактык кабарчы маек курду.
Каарманыбыз М.Жусупов атындагы орто мектебинде 9-класста окуйт.
«Мектепте 7-класста окуп жатканда айылда кол күрөш боюнча мелдеш өтүп, ага капыстан катышып калдым. Мени менен бет келген 6 кызды тең жеңип алдым. Ошентип, менин кол күрөшкө болгон кызыгуум башталды. Класста кыздарды эле эмес, балдарды да жыгам. Анан кол күрөш менен профессионалдык түрдө машыгуу үчүн залга бара баштадым. Бул каалоомду үй-бүлөм колдоду. Биз беш бир тууганбыз. Апам дайым биздин кыялдарыбыздын орундалышы үчүн аракет кылып келет», – деди ал.
Ал аз убакыт ичинде ийгиликтерди багындырганын айтат.
«Кол күрөш десе, колду эле кечке машыктырат деп ойлошот. Биз жалпы денеге көнүгүү жасайбыз. Күрөшүп жатканда туура туруу, денени тең салмактуу кармап, бардык боюбуз менен тарамыштай чыйраак болуп жеңишке жетебиз. Ооба, ошонун ичинен колго болгон көнүгүүлөр да бар. Бул боюнча бизге машыктыруучубуз Талант Шадыбаев эң жакшы үйрөтөт. Агайдын жардамы менен биз ийгиликке жетип жатабыз. Өлкө ичиндеги бардык облустарга барып көрдүм. 2022-жылы Өзбекстанда өткөн жана 2023-жылы Дубайда өткөн Азия биринчилигинде 1-орунду алдым. Казакстандын Алмата шаарында өткөн 44-дүйнө чемпионатында 3-орунду алып калдым», – дейт Асема Маликова.
Асема жеңишке жеткен учурдагы сезимдери тууралуу айтып, келечекке максаттары менен бөлүштү.
«Чет мамлекетте жеңишке жетип, гимнибиз жаңырып, желегибиз бийикке көтөрүлгөн учурдагы сезимдеримди сөз менен жеткире албайм. Айрым спортчу кыздар кубануудан улам ошол жерден ыйлашат го, мен салтанаттуу тапшыруу аземи бүтүп, кетип бара жатканда ыйлайм. Келечекте спорттун бул түрү боюнча дагы көп ийгиликтерди багындыруу максатым бар. Анткени менин атам дүйнөдөн өтүп кеткенине 8 жыл болду. Ал спортту сүйүп, боксту жакшы көрчү экен. Атамдан калган сапаттарым менен мен ийгиликке жетип, бизди жалгыз бой болсо да элден кем кылбай багып жаткан апамдын ак эмгегин актагым келет. Келечекте милиция кызматкери болууну кыялданам. Бул кесип айымдарга ылайыктуу эмес дешет экен. Бирок мен элимдин тынчтыгы үчүн кызмат кылгым келет», – деп сөзүн жыйынтыктады жаш спортчу.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.