Ак-Суудагы сел суулары 10 турак үйдүн короосун каптады

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКаракол—Эңилчек унаа жолу бир тараптуу ачылып, айылдагы суунун нугу бурулду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн,16-июль күну саат 11:45 чамасында Ак-Суу районунун Кадыр-Аке айыл аймагына караштуу Эңилчек айылында кыска мөөнөттүү жааган жамгырдын кесепетинен сел суулары 10 турак үйдүн короосун каптап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине ӨКМдин Ак-Суу району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ жана аталган айыл аймактын 2 кызматкери тартылган. Жергиликтүү тургундар менен суунун нугун буруу аракеттерин жасашты.

Ушул эле күнү Каракол—Эңилчек унаа жолунда 75-76-77-чакырым аралыктарында 4 тилкеде болжол менен 1482 м3 таш көчкү түшкөнү маалымдалган. ӨКМдин Ак-Суу райондук №39 ӨКБдан 2 куткаруучу жана №11 ЖТИден 4 кызматкер, 1 жүктөгүчү жана тралл жөнөтүлүп, саат 23:00 чамасында унаа жолу бир тараптуу ачылган.

Учурда жолду кеңейтүү иштери уланууда.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️