Пример HTML-страницы

Ак-Суудагы Ала-Көл көлүнө барчу жолдогу көпүрө оңдолууда

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushАк-Суу районундагы Арашан эс алуу жайынан Ала-Көл көлүнө барчу жолдогу көпүрө оңдолууда, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка караганда, көпүрөнү оңдоо үчүн Кыдыр Аке айыл аймагынын бюджетинен 163 миң сом каралган.

«Райондо эң көп туристтер каттаган аймак — бул Арашан эс алуу жайы. Келген чет элдик туристер Ала-Көлдү да көрүп кайтышат. Эс алуучулардын коопсуздугу үчүн жолдогу көпүрөнү жасоого, тактап айтканда темир жана курулуш материалдары үчүн каражат бөлдүк. Ал жерде жайгашкан 8 эс алуу жайынын ээлери көпүрөнү жасатуу ишин колго алышты», — дейт Кыдыр Аке айыл аймагынын башчысы Талант Көбөнбаев.

Ала-Көл Тескей Ала-Тоонун тоо кыркаларынын арасында, деңиз деңгээлинен 3532 метр бийиктикте жайгашкан.

Мөңгү суусунан жаралган көлдүн тереңдиги 70 метрден ашат. Көл шамалга, күн нуруна жана аба ырайына жараша өңүн өзгөртүп, кулпуруп турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE