Ак-Суудагы айыл аймактарга беккари чуңкурлары курулууда

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЫсык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 4 беккари чуңкуру курулуп жатат, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка караганда, Каракол айыл аймагында 2, Кыдыр Аке айыл аймагында 1, Хан-Теңири айыл аймагында 1 беккари чуңкуру курулуп жатат.

«Ар бир беккари чуңкуру жергиликтүү бюджеттен 170 миң сомдон 954 миң сомго чейин салынып жатат. Бул учурга чейин район аймагында 5 беккари чуңкуру болгон. Учурда өлгөн мал жана жолбун иттердин сөөгү ошол жактарга салынууда», — дейт Ак-Суу районунун акими Мунарбек Насиров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️