Ак-Сууда жаш инспекторлор айдоочуларга жол эрежесин сактоону түшүндүрүштү

Акыркы жанылыктар

TurmushАк-Суу районунда жаңы окуу жылынын башталышы менен айдоочуларды жол эрежесин сактоого чакырган «Абайла балдар!» бир айлык иш-чарасы өтүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, бир айлыктын алкагында маршруттук каттамда жүргөн кичи автобустарга жаш инспекторлор менен ЖКККБнын кызматкерлери биргеликте түшүндүрүү ишин жүргүзүштү.

«Жол эрежесин эскерткен наклейкалар чапталууда. Биздин инспекторлордун жаш достору да жардамга келишип, айдоочулар менен катар жүргүнчүлөргө маалымат берип жатышат. Бир айлыктын алкагында ар бир мектепте лекциялар окулуп, маалымат барагы таратылат», — дейт Ак-Суу райондук ЖКККБнын башчысы Ренат Чоштокеев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️