Ак-Сууда Тянь-Шань карагайын мыйзамсыз кыюу фактысы аныкталды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЫсык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милиция кызматкерлеринин ыкчам аракеттеринин натыйжасында Тянь-Шань карагайын мыйзамсыз кыюу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, түшкөн маалымат боюнча милиция кызматкерлери Ак-Суу районунда жайгашкан Кайырма-Арык айылынын 26 жаштагы тургунунун үйүнө текшерүү жүргүзүшкөн.

Анын жүрүшүндө мыйзамсыз кыйылган Тянь-Шань карагайынын 6 даанасы табылып алынды. Бул факт Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматтарды каттоо электрондук журналында катталып, келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоо боюнча материалдар тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлгөн. Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат.

Туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери аймактагы экологиялык коопсуздугун сактоодогу маанилүү кадам болуп саналган токой бактарын мыйзамсыз кыюуну аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү тынымсыз улантууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️