Ак-Сууда спорчуларга жаңы форма жана атайын шаймандар алынды

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Ак-Суу районунда спортчуларга шарт түзүү жана стимул берүү максатында бирдиктүү форма жана инвентарь алынды. Бул тууралуу Ак-Суу районунун балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинин жетекчиси Аскарбек Аляскаров билдирди.

Малыматка караганда, 10 жылдан ашык убакыттан бери спорттук формалар жана шаймандар жаңыртылган эмес. Райондогу 44 машыктыруучуга бирдиктүү форма жана спорттун 5 түрүнө керектүү шаймандар алынды.

«Ак-Суу районунун балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебине 420 миңге керектүү спорттук инвентарларга жана спорттук форма алууга сунуш бергенбиз. Бизде 2013-жылдан бери форма, инвентарлар алынган эмес. Балдарды дени сак жашоого үндөп, аларга шарт түзүү үчүн район жетекчиси менен биргеликте иш алып бардык. Спорттун волейбол, баскетбол, футбол, күрөш, шахмат түрлөрүнө инвентарлар алынды», — дейт Аскарбек Аляскаров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️