Ак-Сууда сарымсак казуу иштери башталды

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Ак-Суу районунда сарымсак казуу иштери башталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, район аймагында сарымсак массалык түрдө казыла баштады.

«Мен Ырдык айылынын тургунумун. Ак-Суунун жер шарты сарымсакка ыңгайлуу болгондуктан көп жылдан бери айдап келем. Өткөн жылы баа чыкпай калды. Бул жылы түшүм жакшы болуп жатат. Азыр үрөндүн баасы айтыла элек. Ал эми экинчи сорттогу сарымсактын 1 килограмм баасы 100 сомдон болуп жатат. Үрөндү биздин Токмокко жана Казакстанга алып кетишет. Бул жылы баа жакшы болот деп күтүп жатабыз», — дейт Ырдык айылынын тургуну Ренат Мамиев.

Дыйкан бир гектар сарымсак айдоо үчүн кетчү чыгымды айтып өттү.

«Бир гектар сарымсакты айдоо үчүн 600 сом кетти. Үрөндүн килограммын 100 сомдон өткөн жылы сатып алгам. Себүүгө, отоого, өзөк жулдурганга жана сугатка кетет. Сарымсак 15 жолу сугарылат. Бул жылы суу жакшы болуп учурунда сугардык. Сарымсак гектарынан орточо 15 тонна чыгат. Азыр бир гектар үчүн 30 кишини 1500 сомдон алып тазалатып жатабыз. Эми кестирип, сорттототобуз. Азыр аларманды күтүп жатабыз. Дыйкандар айткандай миллион сарптап, баа жакшы болсо миллион сом табабыз», — дейт дыйкан Р.Мамиев.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️