Ак-Сууда малекеттик маанидеги жолдун жээктерине таштанды урналары орнотулуп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushКаракол—Эңилчек унаа жолунун боюна таштанды урналары коюлууда. Алдыда бардык жолдорго урналар орнотуларын Ак-Суу районунун акими Мунарбек Насиров билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө 18 урна орнотулду.

«Каракол—Эңилчек унаа жолунун Каракол шаарынан Кереге-Таш айылына чейин урна койдук. Алдыда дагы 15 таштанды урна орнотулат. Ал эми биздин районго тиешелүү Түп—Каракол жолунун боюна коёбуз. Таштанды челегин көргөндөр ал жакка таштандыны салып жатышат. Мындай жол менен тазалык сакталып жатат. Биз жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ар дем алышта ишембилик өткөрүп, район элин тазалыкка үндөп жатабыз. Анткени биздин райондун жаратылышы кооз болгондуктан ага суктанып келген эс алуучулар көп», — дейт Ак-Суу районунун акими Мунарбек Насиров

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️