Пример HTML-страницы

Ак-Сууда кулпунай талаасындагы бассейнден 15 жаштагы баланын сөөгүн алып чыгышты

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushАк-Суу районунда өспүрүм бала жасалма сугат бассейнинен кетти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айылдаштары билдирди.

Маалым болгондой, Теплоключенка айылынын 15 жаштагы тургуну Д.А. айылдын түндүк тарабында орун алган айдоо аянтындагы бассейнге барган.

«Эки досу менен кулпунай талаасында казылган бассейнге түшүп жатып чөгүп кеткен экен. Балдар куткара албай калышыптыр», — деди айылдаштары.

Маркум быйыл 9-классты аяктаган.

Маалыматты Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз тастыктады. Окуя 14-июнь күнү болгон. Ак-Суу РИИБге Теплоключенка айылынын түндүк тарабында орун алган сугат бассейнинде 15 жаштагы өспүрүм бала чөгүп кеткендиги тууралуу кабарланган.

Аталган маалымат райондук милициянын маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, териштирүү иштери башталган.

Териштирүү учурунда сууга чөгүп кеткен өспүрүм тааныш балдары менен сугат бассейнине барып, сууга түшүп жатканда чөгүп кеткендиги аныкталган.

Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, териштирүү иштери уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE