Ак-Сууда картошка жыйноо башталды. Баасы кандай болууда?

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Ак-Суу районунда картошка жыйноо иштери башталды.

Жергиликтүү дыйкандардын айтымында, учурда картошканын 1 килограммы 14 сомго чейин бааланып жатат. Район аймагында картошка казуу иши кызуу жүрүүдө.

«Картошканын килограммы 16 сомдон башталып, 12 сомго чейин түштү. Азыркы тапта 13-14 сомдон болууда. Бул жылы картошканын көлөмү чоң, бирок түшүмү аз болуп жатат. Учурда бир гектар жер үчүн каздырганга 6 миң сом, 25 литр солярка берип жатабыз. Ал эми тергенге адамдын бир күндүк акысы 2200 сомдон болууда. Бир гектарга 15-20 адам иштетебиз. Өткөн жылы баа жок болгондуктан үрөндү таштап салбай сепкенбиз. Күздөн үмүт кылганбыз. Дыйкандын эмгегин баалап, өкмөт көзөмөлгө алып койсо», — дейт дыйкан Эсен Жумабаев.

Turmush басылмасы 2023-жылдын октябрь айында Ак-Суу районундагы дыйкандар талаадагы картошкаларын акысыз таратып жатышканын жазган.

Картошканын килограммы 8-10 сомго чейин түшкөн. Алгач казылып баштаганда 14 сомдон бааланып, Өзбекстанга экспорттолгон.

Пример HTML-страницы

«Картошка жыйноого кеткен чыгымды актабай жатат. Бир адамдын эле акысы күнүнө 2 миң сом болууда. Ушунча эмгек кеткен соң деп, ирилерин терип алып, орточо жана майдасын талаага таштап жатабыз. Аны тердириш үчүн акча керек. Ансыз да чыгымга учурап жатабыз. Баа жок болгондуктан дыйкандар казбай да жатат. Үйгө ташыганга да акча төлөйбүз. Кудай кесир кылбасын, талаага таштоого аргасыз болуп жатабыз. Керек болсо каалоочулар терип алса болот», — деген дыйкандар.

Ак-Суу району боюнча 8500 гектар жерге картошка айдалган. Түшүм жакшы болуп, гектарынан 20 тоннадан ашык картошка алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️